Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

ИМ Ирак менен Сирияда ээлеген аймагынын үчтөн биринен айрылды


АКШ баштаган эл аралык коалициянын өкүлү, полковник Стив Уоррен.
АКШ баштаган эл аралык коалициянын өкүлү, полковник Стив Уоррен.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу Ирак менен Сирияда басып алган аймагынын үчтөн биринен кол жууганын АКШ баштаган эл аралык коалициядан кабарлашты. Коалиция өкүлү, полковник Стив Уоррен бүгүн Багдадда билдиргенине караганда, өткөн жылы аталган топ Иракта ээлеп алган аймагынын 40, Сирияда 20 процентинен кол жууду. Полковник азыр согушкерлер алсызданып, өзүн коргоого гана өтүп калганын, былтыр майдан бери бир да жаңы аймакты баса албаганы буга далил экенин кошумчалады.

Коалициянын аба соккуларынын көмөгү менен Ирак күчтөрү жыл соңунда түндүктөгү Синжар аймагын, Тикрит жана Рамади шаарларын согушкерлерден бошотту. Азыр бул экстремисттик топтун колунда Сириянын бир аз аймагы менен Мосул шаары гана калууда.

Өзүн "Ислам мамлекети" атаган радикал топ Сириянын Ракка шаарында 2013-жылы негизделип, халифат орнотууну жарыялаган. АКШ баштаган эл аралык колациялык күчтөр бул топко каршы бир жылдан ашуун убакыттан бери күрөшүп келатат.

XS
SM
MD
LG