Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Араванда таштанды чогултуучу жайдын жоктугу көйгөй жаратууда


Райондо таштанды таштоочу жай жана тазалык ишканасынын жоктугунан «Ош тазалык» ишканасына көз карандылык пайда болууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Араван районундагы мекеме жетекчилери билдиришти.

Аравандын таштандысы буга чейин районду аралап өткөн дарыяга ташталчу. Буга Ош облустук экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы өткөн жылы тыюy салган. Учурда райондогу мекемелер таштандыларды кайда катууну билбей турушат.

Ош облустук экотехинспекциянын маалыматына караганда, облустун Кара-Суу жана Кара-Кулжа райондорунда гана таштанды таштоочу жайлары бар.

Калган райондордо жана көпчүлүк айыл өкмөтөөрдө таштанды төгүүчү жайлар ажыратылган эмес.(YI)

XS
SM
MD
LG