Улуттун банктан маалымдашкандай, 6-январь күнү кечке жуук базарга дагы 2 млн. 700 миң доллар сатылды. Бул үч күндө эле 15 млн. ашуун доллар акча базарга сатыкка чыгарылды дегенди билдирет.
Жыл жаңыргандан көп өтпөй, 4-январь күнү Улуттук банк сомдун курсун кармоо үчүн 9,1 млн. доллар саткан. 5-январда 3 млн. 250 миң доллар базарга чыгарылган.
Ушул тапта Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча сомдун долларга карата расмий курсу 75 сом 90 тыйын. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда 76 сомдон сатылып жатат.(ZKo)