Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Кыргызстанда жалпы калк сасык тумоого каршы эмделбейт


Республикалык эпидемология жана коркунучтуу ооруларды көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы адиси Султан Суранбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, өлкөдө сасык тумоого каршы эмдөө медициналык кызматкерлердин арасында гана жүргүзүлгөн.

Бюджеттин эсебинен өлкөдөгү бардык медкызматкерлер быйыл толугу менен тумоого каршы эмделген, бирок өнөкөт оорулуу же жаш балдарга акысыз эмдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Суранбаев буга мамлекеттик бюджеттен атайын каражат бөлүнбөстүгүн билдирди.

1-январдан бери сасык тумоосу өтүшүп кетип Бишкек шаарындагы республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган адамдардын саны эки жарым миңге чукулдады. Сасык тумоосу өтүшүп кеткендердин көбү жаш балдар. Аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевдин айтымында, оор абалда жандандыруу бөлүмүндө бир наристе жасалма дем алдыруу аппаратында жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG