Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Пакистанда Ооганстан боюнча төрт тараптуу сүйлөшүү башталат


Ооганстанда тынчтык жараянды кайра жандантуу максатында Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытай өкүлдөрү бүгүн, 11-январда сүйлөшүү баштайт. Төрт мамлекеттин жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү Кабул менен "Талибандын" ортосунда сүйлөшүүнү баштоого даярдык көрүүнү талкуулашат. Бирок ага жоочулардын өкүлдөрү катышпайт. Ооган өкмөт башчысы Абдулла Абдулланын маалымат катчысы Жевид Фейсалдын 10-январдагы билдирүүсүнө караганда, “жолугушууда тынчтык сүйлөшүүнүн механизмдери талкууланат.” Пакистан тарап сүйлөшүүгө катыша турган талиптердин тизмесин даярдайт. Фейсалдын айтымында, Пакистан ошондой эле талиптерди каржылоону токтотууга жана Пакистан аймагында жайгашкан жоочулардын базасын тыюуга макулдук берди. Кабул Исламабад талиптерди колдойт деп айыптап келаткан. (AiT)

XS
SM
MD
LG