Бажы кызматынан кабарлашкандай, Ош облусунда кыргыз-кытай чек арасы аркылуу мыйзамсыз ташылып келаткан 10 тонна сарымсак кармалды. Мындан сырткары Кыргызстандын жараны 4 тоннага жакын болгар калемпири, 3 тоннага жакын мандаринди алып өтүүгө аракет кылган. Товардын жалпы суммасы 900 миң сомго жакын. Текшерүүдө товар менен анын документтери дал келген эмес.
11-декабрда Кытайдан ташылып келаткан, Кыргызстандан фитосанитардык сертификаттары берилген 40 тонна мандарин Орусиянын Ростов-на-Дону шаарындагы өткөрмө бекеттен кармалган. Жаңы жыл алдында орус өкмөтү кытай мандариндери Кыргызстан аркылуу мыйзамсыз ташылып жатканын айтып чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. (КЕ)