Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

Мандатын кайтарып алган Жыргалбек Саматов ант берди


Жогорку Кеңеш жыйыны.
Жогорку Кеңеш жыйыны.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Жыргалбек Саматов ант берди.

11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы өз жыйынында ага Жогорку Кеңештин депутаты мандатын кайрадан берди. БШК мына ушуну менен Саматовдун мандатын эки жолу алып, үчүнчүсүндө кайра берди. Муну менен катар БШКнын чечими менен Болотбек Ибраимжановдун депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду.

Жыргалбек Саматов “Республика - Ата Журт” партиясынын тизмесинен депутат болуп шайланган.

Аталган партия Саматовду өзүнө бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш алган эмес деп, мурун жазылып коюлган арыздын негизинде партия жетекчилигинин сунушу менен тизмеден чыгарган. Кийин ал Орусиянын жараны деген такталбаган маалыматтардын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган эле. Жыргалбек Саматов сотко кайрылган.

Муну менен катар БШК “Кыргызстан” фракциясынан Урмат Самаев менен Алмазбек Токторовго депутаттык мандат тапшырды. Алар Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын ордуна келишти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG