Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Обама: Украина жана Сирия Москванын таасиринен чыгууда


Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама.
Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама.

АКШ президенти Барак Обама конгрессчилер алдында салтка айланган жылдык кайрылуусун жасады. Анда Америка жетекчиси Украина менен Сирия Орусиянын таасиринен чыгып жатканына басым жасады. “Экономикасынын кыскарганына карабай Орусия өзүнүн ресурсун өз таасиринен чыгып бараткан Украина менен Сирияга коротууда”, - деп белгиледи АКШ президенти.

Обамынын айтуусунда, Америка үчүн жаңы коркунуч “жамандыктын жасоолу” эмес, каз-каз тура албай жаткан өлкөлөрдүн көйгөйү болууда. Мисал катары ал Орусиядан сырткары Кытай экономикасынын көйгөйү дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизип, Жакынкы Чыгыштагы уруш-жаңжалдардын ушул кезге чейин тыйылбай, күчөп жатканын айтты.

АКШ лидери маанилүү эл аралык маселелер көтөрүлүп чыкканда дүйнө эли Бээжин менен Москвага карабастан, Америкага үмүт артарын белгиледи. Ошону менен катар ал АКШнын азыркы абалына оптимисттик баа берип, соңку жылдары жакшы жагына өзгөрүп, коопсуз болуп калганын, экономикасы кыйла бекемделгенин белгиледи.

Барак Обама америкалыктардын алдында бир нече масштабдуу милдеттер турганына токтолду. Алардын катарында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобун жок кылуу маанилүү экенин ырастады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG