Бул тууралуу Ооганстандын коопсуздук күчтөрү кабарлады. Ооганстандын чыгышындагы Жалал-Абад шаарындагы Пакистандын консулдугунун алдында жанкечти бомба жардыргандан кийин, консулдуктун имараттарынын бирине жашырынган эки жоочу жок кылынды.
Ооганстандын ички иштер министринин орун басары Аюб Салангинин 13-январдагы маалымдоосуна караганда, жанкечти бомба жардыргандан кийин жоочулар консулдуктун бош турган мейманканасын ээлешкен.
Камалоо учурунда алар жок кылынды. Ооган милициясы да бул окуяда жоготууга учурады. Бомба жардыруу жана атышууда жети аскер өлүп, дагы жетөө жарадар болгон. Нангархан губернаторунун маалымат кызматы үч жайкын жаран жарадар болгонун билдирди. Пакистан консулдугуна чабуулду ИМуюштуруп, ал үч жоочу тарабынан ишке ашырылганын Твиттер аркылуу маалымдады. Жоочулар өткөн жумада Мазари-Шарифте Индия консулдугуна кол салган эле. (AiT)