Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

Орус медиасы тууралуу келишимде улуттук кызыкчылык корголушу керек


Мындай пикирин Кыргызстандын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров 13-январда “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Ал өкмөт чечимди коомчулуктагы талкууга жараша кабыл алышы керек деген оюн айтты:

- Бүгүнкү күнү менин оюмча, коомчулукта кандай талкуу болсо, ошого жараша өкмөт дагы чечим кабыл алат болушу керек. Бул жерде сөзсүз түрдө улуттук кызыкчылык корголушу зарыл.

Кыргыз өкмөтү орус өкмөтү менен “Коммуникация тармагында кызматташуу жөнүндө” келишимди жактап жатат. Ага ылайык Кыргызстанда Орусиянын ОРТ жана “РТР Планета” телеканалдарына өзгөчө шарт түзүү каралган. Жарандык коомдун өкүлдөрү орус телеканалдарына артыкчылык берүү маалымат коопсуздугуна терс таасирин тийгизет деген пикирди айтууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG