Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:07

Кыргызстандын шахмат боюнча биринчи лигасында эркектер жана кыз-келиндер арасында чемпиондук жыйынтыкталды. Кыргыз шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов «Азаттыкка» билдиргендей, 5-13-январь күндөрү Бишкекте өткөн мелдешке Кыргызстандын аймактарынан 6 жаштан 80 жашка чейинки 114 шахматчы катышты.

Чоңдор арасында эркектерден Андрей Мажницин, кыз-келиндерден Александра Самаганова өлкө чемпиону аталышты.

Жалпысынан чемпиондуктун жыйынтыгында бештен оюнчу өз жаш курактарында жеңишке жетип, жогорку лигада ойноого жолдомо алышты. Быйыл жогорку лигадагы чемпиондук март-апрель айларында өтөрү болжолдонууда. Аталган лигада эркектер арасында 10, кыз-келиндер арасында 10 оюнчунун арасында таймаш жүрөт. Жеңүүчүлөр сентябрь айында Баку шаарында өтө турган дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышат.

Кыргызстанда шахмат боюнча биринчи жана жогорку лигаларындагы өлкө чемпиондугу 2013-жылдан бери өткөрүлүп келет. (ECh)

XS
SM
MD
LG