Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:56

2015-жылы Кыргызстан экономикасынын өнүгүүсү 3,5% жетти


Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен 14-январда кабарлашты. Маалымат боюнча, 2015-жылдын ичинде ички дүң продукттун жалпы көлөмү 424 млрд. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3,5% өстү. Кыргызстандын ички дүң жыйымынын 50% - тейлөө, 15% - өнөр жайы, 14% - айыл чарбасы жана 8% - курулуш тармагы түзөт.

Быйылкы жылы Кыргызстан экономикасы 5,2% өсөрү бюджетте көрсөтүлгөн. Бирок эл аралык финансылык уюмдар өсүш андан төмөнүрөөк болорун билдирүүдө. Маселен, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Кыргызстан экономикасы быйыл 3,9% өнүгүшү мүмкүн экенин эсептеп чыккан. (AiT)

 

XS
SM
MD
LG