Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Нарында “Айымдар техникада жана илимде” аттуу окуу өтүп жатат


Нарын шаарындада “Айымдар техникада жана илимде” аттуу кышкы окуу мектеби уюштурулду. Аны “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фонду жана “Прогрессивдүү демилгелер” фонду бирге өткөрүүдө.

Окууга Нарын облусундагы мектептердин жогорку класста окуган элүү кыз тартылып, алар үчүн кышкы мектеп уюштурулган. Бул тууралуу Нарын мамлекеттик университетинин окуу башкармалыгынын бөлүм башчысы Жылдыз Усубалиева билдирди.

Долбоордун максаты - кыздарды техникалык илимге тартуу болуп саналат. Кыздар 11 күн окуп, химия, физика, математика жана информатика сабагынан билимин кеңейтишет. (MiK)

XS
SM
MD
LG