Улуттук комплекстин башкы директору Ормош Чоюнбаев буга кризис себеп болуп жатканын эл арасында жүргүзүлгөн иликтөөлөр көрсөткөнүн айтууда.
Анын маалыматы боюнча, 2014-жылы "Манас ордого" келгендердин саны 140 миң болсо, 2015-жылы 110 миң болду. Ошондой эле күмбөзгө барып, түлөө өткөргөндөрдүн саны 35-40% азайган.
«Манас ордо» улуттук комплексинде 70тен ашуун киши эмгектенет. Анда бир музей, Манас таануу борбору, түлөөкана, шыпаакана, 5000 орундуу атмайдан жана Манастын кырк чоросунун айкели коюлган гүлзар багы бар. (SS)