Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 23:14

Сирияда “Ислам мамлекети” тобу 400 кишини барымтага алды


Өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топ Сириянын чыгышындагы жаңы аймактарды басып алуу учурунда 400 адамды барымтага алды. Арасында аялдар жана балдар бар.

Лондондо жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы билдиргендей, 16-январда Даиш согушкерлери адамдарды өкмөт көзөмөлдөп турган Ал-Багалия айылында барымтага алган. Аталган кыштак Дейр эз-Зор шаарына жакын жайгашкан. Уурдалгандар арасында өкмөт күчтөрүнүн үй-бүлө мүчөлөрү да бар.

Обсерватория башчысы Рами Абдул Рахман уурдалган кишилер өлтүрүлүшү мүмкүн экенин айтып, тынчсыздануусун билдирди.

Сириянын мамлекеттик САНА агенттиги тараткан кабарга ылайык, жакында эле согушкерлер Дейр эз-Зор шаарында барымтага алынган 300 адамды да өлтүрүшкөн. Алардын көпчүлүгү улгайган кишилер, аялдар жана балдар болчу. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG