Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:16

Орусияда бардык мекемелерге үнөмдөө тапшырмасы берилди


Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев айыл чарба өндүрүшчүлөрүн кыдыруу учурунда.
Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев айыл чарба өндүрүшчүлөрүн кыдыруу учурунда.

Мунайдын баррели быйыл орто эсеп менен 25 доллар болсо, Орусиянын мамлекеттик казынасына 3 триллион рубль жетпей калат. Бул тууралуу Каржы министри Антон Силуанов жергиликтүү телеканалдардын биринде билдирди. Анын айтуусунда, бюджетти оптималдаштыруу аракети көрүлбөсө, өлкөнүн Резервдик фондундагы каражаттар жок болуп кетет.

Фонддогу акча мунайдын баррели 50 долларга чыгып турган чакта топтолгон. Азыркы тапта дүйнөлүк баа 27 доллардан да ылдыйлады. Буга байланыштуу Каржы министрлиги бардык ишкана, мекемелерден чыгымдарды 10 пайызга кыскартууну талап кылууда. Муну менен 2016-жылы 512 миллиард рубль үнөмдөлө турганы күтүлүп жатат. Ошол эле маалда өкмөт үнөмдөө чарасынын социалдык милдеттердин аткарылышына тиешеси жоктугун маалымдады. (SE\NT)

XS
SM
MD
LG