Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Сариев: Аварияга карабастан электр энергиясы үзгүлтүккө учураган жок


Темир Сариев
Темир Сариев

Быйыл кышка даярдык жакшы болгон үчүн Токтогул ГЭСиндеги аварияга карабастан электр энергиясы үзгүлтүксүз берилип жатат. Бул тууралуу бүгүн кышкы жылытуу мезгилин өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында премьер-министр Темир Сариев айтты.

Өкмөт башчы учурда Токтогул суу сактагычында топтолгон суунун көлөмү 10,8 миллиард куб метр, бул былтыркыга караганда 2 миллиард куб метрге көп экенин билдирди. Сариевдин айтымында, бөлүштүрүү компаниялардын алдында дебитордук карыз 275 миллион сомго көбөйдү.

- Электр энергиясын жоготуу жана карыздарды чогултуу боюнча ишти кескин түрдө жакшыртуу керек. Буга байланыштуу тиешелүү жетекчилердин жоопкерчилиги каралат. Аймактарда бул боюнча облус, район жетекчилери да жооп берет”, – деди ал.

Ушул эле жыйында белгилүү болгондой, жаңы түзүлүп жаткан энергохолдингдин директору болуп экономика министринин орун басары Айбек Калиев дайындалды. (RK)

XS
SM
MD
LG