Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:48

Украина БУУнун Коопсуздук кеңешине Донбасстагы кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди


Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер
Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер

Украина Орусия менен жикчилдер Донбасстагы кырдаалды курчутууга аракеттенип жатканы тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешине расмий кабарлады. Бул тууралуу билдирүү өлкөнүн Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн сайтына жарыяланды. “Орусия Минск макулдашуусуна жоопкерчиликсиз мамиле жасап жатканына Украина эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурууга ниеттенет жана Донецк менен Луганск облустарындагы кырдаал үчүн анын толук жооптуу экенин эскертет” деп жазылган аталган билдирүүдө. Үч тараптуу байланыш тобунун жолугушуусунда ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууга карабастан украин аскерлерине куралдуу кол салуулардын саны өсүп жатканы белгиленген. Билдирүүдө буга окшогон чагымчыл иштер тынчтык жол менен абалды жөнгө салууга тоскоолдук келтирип, чыңалуунун дагы көпкө уланышына негиз болору көрсөтүлгөн.

XS
SM
MD
LG