Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Сариев “Центерранын” башчыларына келишимдердеги эреже бузууларды эскертти


Темир Сариев
Темир Сариев

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев бүгүн “Центерра Голд Инк” компаниясынын президенти Фрэнк Херберд жана ишкананын аткаруучу директору Скотт Перрини кабыл алды.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Сариев кыргыз тарап 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын жана бул долбоордун алкагында “Центерра Голд Инк” компаниясы берген сунуштар Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын билдирди.

Муну менен катар “Центерра Голд Инк” компаниясынын Директорлор кеңеши компаниянын 4,6 млн. даана акциясына кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечими эң ири акционер болгон Кыргыз Республикасынын кызыкчыгына дал келбей турганын, бул айрым эрежелерди бузуу менен жасалганын эскертти.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кумтөр” кенин толук ишке киргизүүнүн 2016-жылга карата планы, кендеги алтын запастарын тактоо зарылчылыгы тууралуу маселелер талкууланып, геологиялык-изилдөө иштерин жер алдындагы жол менен өткөрүү маселеси көтөрүлдү.

Ошондой эле Темир Сариев “Кумтөрдө” иштеген айрым чет элдик адистердин жергиликтүү элдин каада-салтына, маданиятына шек келтирген жүрүш-турушуна жол берилбей турганын да кошумчалады.

“Центерра голд инк” компаниясынын өкүлдөрү жакында болгон Кумтөрдөгү Майкл Макфит аттуу кызматкердин чучук чуусуна байланыштуу окуясына өкүнүшөрүн жана мындан ары бул сыяктуу нерселер кайталанбашы үчүн бардык чаралар көрүлөрүнө убада берди.

Темир Сариев Кумтөр долбоорун ишке ашырууда экономикалык жана экологиялык маселелерди эске алуу менен Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын билдирди.

Тараптар “Кумтөр” кениндеги өндүрүштүн үзгүлтүксүз жүрүшүнө кызыкдар экенин жана биргеликте иш алып баруу зарылдыгын билдиришти. “Центерранын” башчылары Бишкекке 18-январда келген. (SE)

XS
SM
MD
LG