Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:50

Шайлообек Дүйшеев "Манас" орденин алды


Шайлообек Дүйшеевге сыйлык тапшыруу учуру. 20-январь, 2016-жыл.
Шайлообек Дүйшеевге сыйлык тапшыруу учуру. 20-январь, 2016-жыл.

Кыргыз эл акыны, “Азаттыктын” кабарчысы Шайлообек Дүйшеев бүгүн мамлекет башчынын колунан II даражадагы "Манас" орденин алды.

Белгилүү болгондой, президент Алмазбек Атамбаев 31-декабрда мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана улуттук экономиканы чыңдоо жылынын жыйынтыгы боюнча республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана руханий дареметин өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги, каармандыгы жана эрдиги үчүн мамлекеттик сыйлык ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык Жогорку Соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева менен Шайлообек Дүйшеев II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган.

Ал эми спорт чебери, велоспорт боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Евгений Ваккер, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев, өкмөттүн Ош облусу боюнча мурдагы өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору Улукмырза Полотов III даражадагы "Манас" орденине татыган.

Мындан сырткары президенттин жарлыгы менен бир катар ишмерлерге “Эрдик”, “Даңк” медалдары, Ардак грамотасы берилди. “Даңк” медалын алгандардын арасында актриса, "Курманжан датка" тасмасында башкы ролду аткарган Элина Абай кызы, ЖК депутаты, режисер Садык Шер-Нияз бар. Ал эми Эл жазуучусу наамы Элүүбай Отунчиевге берилген. (RK/KE)

XS
SM
MD
LG