Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь
Анкарада өтүп жаткан кыргыз-түрк ишкерлеринин форуму. 22-январь

Анкарада кыргыз-түрк бизнес форуму өттү

21-январда Түркиянын борбору Анкара шаарында башталган кыргыз-түрк ишкерлеринин эки күндүк бизнес форуму соңуна чыкты.

Форумдун негизги максаты - Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү. Иш-чарага Кыргызстандан жүздөн ашык, Түркиядан 150гө жакын ишкер катышат. Алар эки күн ичинде тажрыйба алмашуу, инвестиция тартуу жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Форумга экономика министри Арзыбек Кожошев да катышат. Бул иш-чара 4-ирет өтүүдө. Иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстан достук жана кызматташтык уюму, ЖИА, эки өлкөнүн өнөр жай жана соода палаталары, экономика министрлиги менен элчиликтери саналат.

17:12 21.1.2016

Экономика министри Арзыбек Кожошев: Инвесторго бейиштегидей шарт түзүп беребиз

Экономика министри Арзыбек Кожошев: Инвестиция үчүн бейиштегидей шарт түзөбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

17:04 21.1.2016

Түрк бизнесмендер Кыргызстанга айыл чарба техникалары, курулуш, IT технологиялар жаатында инвестиция салууга кызыкдарлыгын билдиришүүдө. Алар “Манас” аэропортуна хаб, технопарк куруу иштерине катышууга даяр. Бирок ишкерлер Кыргызстанга кайсы тармакка инвестиция керек экени тууралуу маалыматтар аз экенине нааразы.

17:02 21.1.2016

Кыргыз-түрк бизнес форуму суроо-жооп иретинде улантылып жатат. Түрк ишкерлеринин суроосуна Экономика министрлигинин тышкы инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Сазыков жооп берүүдө.

16:40 21.1.2016

Элчи Ибрагим Жунусов: Чакан жана орто бизнес экономиканын өзөгү

Ибрагим Жунусов: Чакан, орто бизнес - экономиканын өзөгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:14 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG