Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

"Центерра" Бишкектеги сүйлөшүүлөрүн аяктады


Бишкекке сүйлөшүүгө келген канадалык "Центерра Голд Инк" компаниясынын жетекчилигинин иш сапары аяктаганын бүгүн "Азаттыкка" анын директорлор кеңешинин Кыргызстан тараптан мүчөсү Кылычбек Шакиров билдирди. Бирок кандай жыйынтык болгону белгисиз бойдон калууда.

“Центерранын” президенти Фрэнк Херберд жана ишкананын аткаруучу директору Скотт Перри Кыргызстанга апта башында келген. 19-январда аларды премьер-министр Темир Сариев кабыл алган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, Сариев кыргыз тарап 2014-жылдын 18-январындагы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын жана бул долбоордун алкагында “Центерра Голд Инк” компаниясы берген сунуштар Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганын билдирди.

Муну менен катар “Центерра Голд Инк” компаниясынын Директорлор кеңеши компаниянын 4,6 млн даана акциясына кошумча эмиссия чыгаруу тууралуу чечими эң ири акционер болгон Кыргыз Республикасынын кызыкчыгына дал келбей турганын, бул айрым эрежелерди бузуу менен жасалганын эскертти.

Жолугушуунун жүрүшүндө “Кумтөр” кенин толук ишке киргизүүнүн 2016-жылга карата планы, кендеги алтын запастарын тактоо зарылчылыгы тууралуу маселелер талкууланып, геологиялык-изилдөө иштерин жер алдындагы жол менен өткөрүү маселеси көтөрүлдү. (RK)

XS
SM
MD
LG