Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Украин өкмөт башчысы жаңы Конституция боюнча референдумга чакырды


 Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк.
Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк.

24-январда телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда премьер-министр Арсений Яценюк өлкө үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуу мезгили келгенин билдирди. “Жаңы Конституция бийликти бөлүштүрүүдө, борбор менен региондордун мамилесин түзүүдө, жаңы адилет сот системасын орнотууда жаңы макулдашуу болуш керек жана ал геосаясий максатты ачык көрсөтүш керек”, деген Яценюк Украинанын максаты Европа Биримдигинин жана НАТОнун мүчөсү болуу экенин белгиледи.

Яценюктун мындай билдирүүсүнө чейин украин президенти Петр Порошенко Минск келишимдерин аткарбоо Орусия колдогон жикчилдер менен эле эмес, Орусиянын өзү менен чоң жаңжалга алып келерин Минск келишимине каршы чыккан саясатчыларга эскерткен эле. (AiT)

XS
SM
MD
LG