Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:55

Ирак менен Сириядагы радикалдарга 1000дей тажик жараны кошулган


Былтыр жихадчыларга кошулган тажик жараны, полковник Гулмурод Халимов
Былтыр жихадчыларга кошулган тажик жараны, полковник Гулмурод Халимов

Тажикстан бийлиги Ирак жана Сириядагы “Ислам мамлекети” радикал уюмунун катарына 1000дей тажик жараны кошулуп кеткенин маалымдады. Ички иштер министри Рамазон Рахимзода 25-январда кабарчыларга билдиргендей, 61 киши Жакынкы Чыгыштан кайтып келген, 148и кармаштарда набыт кеткен. Буга чейин президент Эмомали Рахмон жихадчылардын катарында 21 студент бар экенин айткан. Президент экстремисттер жаштарды негизинен мечиттерде жана өлкө ичиндеги же сырттагы диний жайларда жалдашаарын белгилеген.

Ички мекеменин башчысы былтыр жихадчыларга кошулган полковник Гулмурод Халимов эки ирет жарадар болгонун кошумчалап, аны колго түшүрүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты.

Министр дем алыштарда борбор шаар Дүйшөмбүдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү машыгуу болгондугу менен түшүндүрдү. Жергиликтүү жашоочулар тартип коргоочулардын саны кадимкидей көбөйгөнүн, шаарга кетчү кан жолдордо кошумча текшерүү пункттары орнотулганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG