Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Ирандын президенти Римге барды


Ирандын президенти Хасан Роухани Италиянын президенти Серджио Маттарелла менен жолугушууда. 25-январь, 2016
Ирандын президенти Хасан Роухани Италиянын президенти Серджио Маттарелла менен жолугушууда. 25-январь, 2016

Ирандын президенти Хасан Роухани бүгүн Европа сапарын баштап Римге барды. Дүйнөлүк державалар менен Тегерандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн келишим күчүнө киргенден бери эски континентке алгачкы визитке чыккан президентти жоон топ ишкерлер, газ жана мунай министри жана башка расмий адамдар коштоп жүрөт.

16-январда Ислам жумуриятына каршы киргизилген экономикалык санкциялардын бир тобу алынгандан кийин өлкө эл аралык изоляциядан чыгууда. Италияда Роухани президент Серджио Маттарелла, өкмөт башчы Маттео Ренци менен кызматташтыкты талкууламакчы. Ошондой эле бизнесмендердин алдында сүйлөп, Ввтиканда Рим папасы Франциск менен кездешет деп күтүлүүдө.

28-январда Иран делегациясы Парижге бет алат.

XS
SM
MD
LG