Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Нарында митингге келген эл менен жолугушуу болот


Нарында эл менен депутаттардын жолугушуусу, 26-январь, 2016-жыл.
Нарында эл менен депутаттардын жолугушуусу, 26-январь, 2016-жыл.

Бул тууралуу 27-январдагы митингди уюштуруучулардын бири Эркин Асаналиев билдирди. Анын айтымында, 26-январда Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугушууда шаршемби күнгө белгиленген митингди токтотуу чечими кабыл алынды. Ага тоолуу аймактарга жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзамдын артка чакырылып алынышы, камсыздандыруу мыйзамы боюнча айып пул салуу мөөнөтүнүн эки жылга жылдырылышы себеп болду. Бирок митингдин токтотулганы тууралуу маалыматты укпай калып, облус борборуна келген калк менен жолугушуу болот. Нарында Социалдык фондго төлөмдүн көбөйтүлүшү, электр энергиясынын кымбаттыгы жана малдын арзандыгы боюнча маселе курч бойдон кала бергенин Эркин Асаналиев кошумчалады. (AiT)

XS
SM
MD
LG