Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:41

Коррупция боюнча Кыргызстан 123-орунда


Transparency International уюмунун жемкорлук боюнча картасы, 2015-жыл.
Transparency International уюмунун жемкорлук боюнча картасы, 2015-жыл.

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бүгүн Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров республикада коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш жана көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берет.

Тransparency International уюмунун 2015-жыл боюнча жакында жарыяланган баяндамасында Кыргызстан коррупция боюнча 168 өлкөнүн ичинен 123-орунду ээлегени көрсөтүлгөн. Коррупциясы эң аз өлкө катары Дания табылган.

Кошуна мамлекеттер арасынан Кыргызстанга караганда коррупциялашкан өлкө катары Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан аталган. (AiT)

XS
SM
MD
LG