Бишкектеги DOXA арт-тобунун сүрөтчүлөрү Кардиологиялык борбордун балдар бөлүмүндөгү ойноочу бөлмөнү жасалгалап берди. Аталган топ дубалдарга тартылган балдарга арналган сүрөттөрдү “Фейсбукка” жарыялады.
DOXA тобу 2015-жылдын декабрында Швейцариянын Ивердона шаарындагы үйлөрдүн бирине ооз комузчу кыздын сүрөтүн тартканы белгилүү. Аталган топ Боом капчыгайына “Эээ... Кандай?” деген аталышта граффити тартып, ал бир топ убакыт коомдо талкууга түшкөн.