Синоптиктердин маалымата караганда, февраль айы жылуу болуп, көпчүлүк региондордо абанын температурасы нормадан 2-4 градус жогору көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология агенттиги билдирди.
Күндүз абанын температурасы 3 градустан 15 градуска чейин жылуу болот, айрым учурларда 18 градуска чейин барат.
Февраль айындагы эң жылуу учур 1963-жылы 24-февралда катталып, абанын температурасы 25 градуска чейин көтөрүлгөн.
Негизинен 2003, 2004 жана 2006-жылдары февраль айы жылуу болгону катталган. (AzK)