Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Бишкекте памирлик кыргыздарга көмөктөшүү акциясы өтөт


Памирлик кыргыз балдар.
Памирлик кыргыз балдар.

Памирдеги кыргыздарга көмөктөшүү максатында 4-февралда Бишкек шаарында ыктыярдуу акция өтөт. “Элден элге” фонду уюштуруп жаткан бул иш-чарага каалаган адам памирлик замандаштарга атаган буюмун алып келсе болот. Фонддон “Азаттыкка” кабарлашкандай, акция “Бишкек-Парк” комплексинде уюштурулат жана топтолгон гуманитардык жардамдар Памирге жөнөтүлчү мамлекеттик экспедиция аркылуу жеткирилет. Экспедиция 10-февралда башталат.

Кыргыздар жашаган Памир тоолору бир тарабынан Кытай, Ооганстан менен чектешсе, басымдуу бөлүгү Тажикстанда. Андагы ондогон үй-бүлө мүчөлөрү кыйынчылыкта күн кечиришип келатат. Жардам ооганстандык Памирдеги кыргыздарга берилмекчи. (SE)

XS
SM
MD
LG