Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Москвадагы өрттө сегиз кыргыз жараны мерт болгону аныкталды


Москвадагы өрт. Кырсыктын чыгышы боюнча кылмыш иши козголду.
Москвадагы өрт. Кырсыктын чыгышы боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматында Москва шаарындагы Стромынка көчөсүндөгү имараттын бириндеги тигүүчү цехте каза болгон 12 адамдын ичинен 8и кыргыз жарандары экени аныкталды. Алардын арасында бир бала бар. Бардыгы Баткен облусунун тургундары болуп саналат. Алардын экөө орус жарандыгын алгандар экени такталды. Ошондой эле тилсиз жоодон өзбекстандын эки жараны мерт кеткен. Ал эми өрттөн эки кыргыз жараны аман калган.

Кырсыктын чыгышы боюнча кылмыш иши козголду.

Тигүү цехинде өрт жекшемби күнгө караган түнү чыккан. Ал атайын уюштурулган болушу мүмкүн деген божомолдор каралууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG