Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:12

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму зика вирусу боюнча чукул жыйын өткөрөт


Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус коркунучтуу тездик менен жайылып баратканын эскертүүдө.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму вирус коркунучтуу тездик менен жайылып баратканын эскертүүдө.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Швейцариянын баш калаасында зика вирусу боюнча чукул жыйын өткөрүүдө. Анда илдетке байланыштуу эл аралык деңгээлде өзгөчө кырдаал жарыялоо маселеси каралууда.
Чиркейлер аркылуу жайылган кооптуу вирус микроцефалияга – мээнин өспөй калышына жана нерв системасынын жабыркашына алып келет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму оору коркунучтуу тездик менен жайылып баратканын эскертүүдө.

Өзгөчө кырдаал жарыяланса, зика вирусуна глобалдуу коркунуч деген статус берилет жана аны жоюуга акча каражат бөлүнмөкчү.

Адистер эмдиги жылы Борбордук жана Түштүк Америкада илдетке 3-4 миллион киши чалдыгышы мүмкүн деп билдиришти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өткөн жылы Африкада Эбола дартынын жайылышына жетиштүү чара көргөн жок деп сындаган эл аралык коомчулук уюмдун аракеттерине эми өтө кылдат байкоо салууда.

XS
SM
MD
LG