Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Журналисттер Бишкек менен Тегерандын кызматташтыгын талкуулашат


Ирандын Бишкектеги элчилиги эки мамлекет ортосундагы дипломатиялык алаканын жыйынтыгы жана алдыдагы пландар тууралуу бүгүн журналисттерге маалымат берет. Элчиликтен “Азаттыкка” кабарлашкандай, журналисттерден маданий ымаланы жандантуу маселесинде сунуштар угулуп, анын негизинде пландар иштелип чыгат.

Тегерен менен Бишкек ортосундагы негизги кызматташтык соода-экономикалык багытта. Иран бийлиги энергетика тармагына инвестиция салууга кызыкдар экенин билдиргени менен, азырынча ортодо ири долбоорлор жок.

Иран Кыргызстандын эгемендигин биринчилерден болуп тааныган өлкө. 1994-жылдан баштап экономикалык байланыш жанданган. Азыркы элчи Али Нажафи Хушруди. (SE)

XS
SM
MD
LG