Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:07

Дары-дармек департаментине карата кылмыш иши козголду


Базарда дары саткан аялдар
Базарда дары саткан аялдар

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаменти “О-К” ишканасына биологиялык активдүү кошулмаларды ташып келүүгө мыйзамсыз уруксат берген.

Бул каражаттар эч кандай каттоосу жок, лабораториялык текшерүүдөн өтпөстөн Кыргызстанга ташылып келинген. Экспертизадан өтүү боюнча төлөмдөр төлөнгөн эмес. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 304-315-беренелеринин негизинде (“кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”) кылмыш иши козголду. ИИМ жана Башкы прокуратура кызматкерлеринин ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 400 миң сом зыян алып келгени аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG