Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Меркел Путинди Украинадагы жикчилерге таасир көрсөтүүгө чакырды


Германия канцлери Ангела Меркел Орусия президенти Владимир Путинди Украина чыгышындагы кризисти саясий жол менен чечүүгө багытталган жараяндын коопсуздугун камсыздоо үчүн жикчилерге Москванын таасирин колдонууга үндөдү. Немец канцлеринин администрациясынан кабарлашкандай, бүгүн эки лидер телефон аркылуу сүйлөштү. Бул сүйлөшүү Путиндин өтүнүчү менен болгон. Мунун алдында, кечээ Меркел Берлинде украин президенти Петро Порошенко менен жолугушуп, Германия менен Франция ортомчулугунда Украина чыгышындагы абалды жөнгө салуу боюнча Минск келишимине кол коюлгандан берки бир жыл ичиндеги кырдаалды талкуулашкан.

Меркел анда Украина чыгышында коопсуздук боюнча абал жакшырууга тийиштигин билдирип, аны менен катар учурда Орусияга каршы экономикалык санкцияларды алууга негиз көрбөй жатканын айткан. Былтыр декабрда Европа Биримдиги ал санкцияларды 31-июлга чейин узарткан.

Украина чыгышында орусиячыл жикчилер менен уруш башталган 2014-жылдын башынан бери 9100дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG