Вице-премьер министр Аалы Карашев бүгүн иш сапары менен Баткен облусуна барып, кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарды кыдырат. Облустук акимчликтен “Азаттыкка” билдиришкендей, вице-премьер Баткен районундагы Ак-Сай, Ак-Татыр, Лейлек районундагы Жаңы-Жер айыл аймактарында болуп, көйгөйлөр менен таанышат. Мындан тышкары үч жыл мурда Тажикстандан өткөрүп алып, бирок дагы эле макамы аныкталбай жаткан Катта-Туз мунай куурларын көрөт. (JsA)