Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Таш-Көмүрдө орточо эмгек акыга нааразылык жаралды


Бүгүн Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарынын 100гө чукул тургуну нааразылык билдирип чыгышты. Уюштуруучулардын бири, шаардык кенештин депутаты Ысманжан Бабатаевдин “Азаттыкка” айтуусунда, акцияга чыккан шаардыктар статистика комитети чыгарган орточо эмгек акы боюнча тыянакка макул эмес. Маалыматка ылайык, быйылкы жыл үчүн Таш-Көмүрдө орточо эмгек акы 11800 сом деп белгиленип, жер үлүштөрүнө болгон соцфондго төлөмдөр ошого жараша эсептелген.

Чогулгандар бул сумма ГЭСте иштеген айрым адамдардын маянасын эске алып гана чыгарылганын, аймакта көпчүлүгү мындан аз айлык алышарын билдирип чыгышты. Алар менен шаардын вице-мэри Исламбек Масабиров жолугушту. Ал талаштуу маселе боюнча статистика комитетине кайрылуу жолдоп, орточо эмгек акынын суммасын 6900 сомго чейин түшүрүү тууралуу сунуш билдирерин айтты. (RsK)

XS
SM
MD
LG