Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн Башкы прокуратура имаратынын жанына пикетке чыгып, Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясындагы айрым депутаттардын мандаты алынганы үчүн каршылык акциясын өткөрдү. Ал Конституция, адам укугу бузулуп жатканын белгиледи.
Активист өзү “Азаттыкка” кабарлагандай, ал көзүн кара чүпүрөк менен таңып алып, башкы көзөмөл орган мандат талашты көрмөксөн болуп жатат, деп нааразылыгын билдирди. Буга үн катпай жаткан мекеме жетекчи Индира Жолдубаеваны кызматтан кетишин талап кылды. Башкы прокуратурадан чыккан эки өкүл мандатынан ажыраган Чолпон Эсенаманова менен Элмира Жумалиеванын арызы учурда каралып жатканын айтышты.
Өткөн айда “Кыргызстан” фракциясынын сунушу менен Борбордук шайлоо комиссиясы эки депутатты мандатынан ажыраткан. 3-февралда дагы бир депутат – Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. (КЕ)