Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:21

Талас: элдин колундагы ок атуучу куралдар алынды


Таласта мыйзамсыз курал-жарактарды аныктоо жана табуу боюнча жүргүзүлгөн “Арсенал” рейдинин алкагында милиция элдин колундагы бир канча ок атуучу куралдарды алды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Рейд учурунда “Талас” асыл тукум жылкы заводунун директору Азамат Жумаев өз ыктыяры менен 1947-жылы чыккан бир карабин мылтыгын Талас райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берди.

Ошондой эле Талас районунун Көк-Токой айылынын тургуну токойдон таап алган 12-калибрдеги сайсыз куралды, А.Огонбаев айылынын тургуну айылдын четинен таап алган 25 даана ок-дарыларды өткөргөн.

Мындан тышкары Кара-Буура районунан мыйзамсыз ок атуучу куралды көтөргөн чабан кармалды. Учурда аталган фактылар боюнча иликтүү иштери жүрүп жатат (SS)

XS
SM
MD
LG