Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:07

"Бир бол" фракциясынын депутаты Есенбаева мандатын тапшырды


Бакыт Есенбаева
Бакыт Есенбаева

Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары, “Бир бол” фракциясынын мүчөсү Бакыт Есенбаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечимин кабыл алды. Депутаттыктан кетип жатканын айткан Есенбаева бүгүн парламентте чогуу иштешкен кесиптештерине тереӊ ыраазычылык билдирип, аларга ийгилик каалады. Эл өкүлүнүн эмне себептен мандатын тапшыруу чечимин кабыл алганы ачык айтылган жок.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы 11-январда “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрү Чолпон Эсенаманова, Элмира Жумалиеваны, 3-февралда Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Аты аталган үч депутат мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазбаганын жана укуктары бузулганын билдиришкен.

Жогорку Кеңештеги ишенимдүү булактар КСДП, “Бир бол”, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан да айрым эл өкүлдөрү мөөнөтүнөн мурда депутаттыктан кете турганын билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG