Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:09

Өкмөт жазгы талаа иштери боюнча Ошто көчмө жыйын курат


Премьер-министр Темир Сариев бүгүн Ош облусуна барып, жазгы талаа иштерине даярдык боюнча селектордук көчмө жыйын өткөрөт. Өкмөттүн басма сөз кызматынан “Азаттыкка” билдиришкендей, чогулуш Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин имаратында өтүп, анда дыйканчылык иштеринен сырткары талаа иштерине кедергисин тийгизген ыктымалдуу табигый кырсыктарга каршы чаралар да талкууланат.

Кыргызстанда айыл чарба тармагы жыл сайын ар кандай маселелерге туш болот. Үрөн жана жер семирткичтердин кымбаттыгы бир көйгөй болсо, чет элге иштегени кеткендер көбөйүп, жер иштетүүгө жаш күчтөрдүн жетишпестиги да чоң маселе катары айтылып келет. (SE)

XS
SM
MD
LG