Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:15

Эл аралык валюта корунун башчысы Украинадагы коррупцияга тынчсызданды


Эл аралык валюта корунун башчысы президент Петро Порошенко менен. Киев, 6-февраль, 2015-жыл.
Эл аралык валюта корунун башчысы президент Петро Порошенко менен. Киев, 6-февраль, 2015-жыл.

Кристин Лагард өз тынчсыздануусун Украинанын реформачыл экономика министри кызматтан капыстан чегингенине байланыштуу билдирди.

Украинанын теги боюнча литвалык экономика министри Айварас Абромавичус эки күн мурда өкмөттүн “системалык жана маанилүү” реформаларынын баарына бут тосулганын айтып, кызматтан кетүүгө арыз жазган эле.

Реформачыл министрдин кызматтан чегинүүсү парламенттин өкмөткө нааразылыгы күчөп, ири бизнес магнаттардын саясий кызыкчылыктары кагылышып жаткан учурга туш келди.

40 жаштагы Абромавичус президент Порошенко реформаларды алга жылдырып, экономиканы көтөрүү аракетинде өкмөткө алып келген чет элдиктердин бири болчу.

Валюта корунун башчысы Кристин Лагард өз билдирүүсүндө белгилегендей, эгер украин министри кызматтан чегинүүдө айткан ырастоолор туура болуп чыкса, бул өкмөттүн антикоррупциялык чаралары иштебегенинин белгиси.

Эл аралык валюта кору Украина каржы алган негизги булактардын бири. Өлкө эркин базар экономикасына шайкеш реформаларды жүргүзүп, коррупцияга каршы күрөшкөн шартта ага жалпысынан 17,5 миллиард доллар ажыратууну караган программа иштелип чыккан. (UE)

XS
SM
MD
LG