Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Чек араны мыйзамсыз бузуп кирген тажик жарандары кармалды


Лейлек районундагы “Кулунду” чек ара бекетинин нөөмөтчүлөрү Тажикстандын үч жаранын чек араны бузуп кирген учурда кармады. Чек кызматы берген маалыматта айтылгандай, алар атасы эки уулу менен болгон. Иштин жүрүшүндө кармалгандар Кыргызстандын аймагындагы бакка отун кыюу үчүн бара жатышканы аныкталды. Чек араны бузгандарга жаза айып салынып, иши ИИМге өткөрүлүп берилди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 976 чакырымды түзүп, анын 504 чакырымыnтакталган, калган бөлүгү шарттуу чек ара сызыгы менен турат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG