Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:59

Ала-Букада кен иштетүүгө каршыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт


Ала-Бука
Ала-Бука

Бул тууралуу райондун акими Сонунбек Акпаралиев билдирди. Анын айтуусунда, жергиликтүүлөрдүн коюп жаткан талаптары негиздүү. Акимдин "Азаттыкка" билдиргени боюнча, кен иштетүүгө берилип жаткан аймакта көл жайгашкан жана көпчүлүк айылдарга суу ошол жерден келет. Бирок районго инвесторлор да келүүсү зарыл.

5-февралда райондун тургундары аймактагы Акбалтыркан кенин сатууга каршы акцияга чыгышкан. Бул күнү аймакта кенди сатууга аукцион өтмөк. Бирок Акбалтыркан кенин сатуу боюнча аукцион белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Кендин баштапкы баасы 15 миң 480 доллар деп бааланган. Акбалтыркан кенинде алтын, күмүш, сымап, жездин кору бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG