Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Доллар дагы арзандады


Бүгүн эртең мененки саат 9дагы көрсөткүч боюнча Бишкектеги акча алмаштыруучу жайларда 1 АКШ доллары 72 сомдон сатылды. Ал эми сатып алуу 71,50 сом болду. Айрым акча алмаштыруучу жайларда мындан да арзан көрсөтүлүүдө. Улуттук банктын расмий көрсөткүчү боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 74 сом 78 тыйын деп турат.

28-январдагы курс менен салыштырганда АКШ долларынын куну дээрлик 4,5 сомго арзандады. 28-январда 1 АКШ доллары 76 сом 10 тыйын болчу.

АКШ долларынын сомго карата курсу акыркы жарым жылда кескин көтөрүлүп, 76 сомдон ашып түшкөн. Улуттук банк январь айында эле акча базарына 65 миллионго жакын долларды интервенциялаган болчу. (ZKo)

XS
SM
MD
LG