Линктер

жума, 26-май, 2017 Бишкек убактысы 23:13

Кыргыз чек арачылары тажик журналистин кармады


“Азаттыктын” тажик кызматы - “Озоди” радиосунун журналисти Масум Имамов кыргыз күч органдарына сурак берүүдө. Ал бүгүн чек арадан өтүү эрежелерин бузганы үчүн кармалганын Мамлекеттин чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева “Азаттыкка” билдирди:

- Ал мамлекеттик чек ара режимдерин бузганы үчүн колго түштү. Көзөмөл пункту аркылуу эмес, мыйзамсыз жерден кесип өткөнү үчүн кармалды. Тек-жайы такталып, иликтөө иштери жүргөндөн соң бошотулат.

“Озоди” радиосунун жетекчилиги кабарчысы чек арага журналисттик иши боюнча барганын айтууда. (SE)

XS
SM
MD
LG