Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:39

Москвадагы акцияда 8 адам кармалды


Орусия -- Борбордук банктын алдына акцияга чыккандар. Москва, 8-февраль, 2016.
Орусия -- Борбордук банктын алдына акцияга чыккандар. Москва, 8-февраль, 2016.

Москвада чет элдик акчага насыя алып, төлөй албай калган жүз чакты адам бүгүн Борбордук банк алдында нааразылык акциясын өткөрдү. Алар карызын рубль менен жеңилдетилген курста кайра эсептөөнү талап кылышууда. Акцияга чыккандар банк алдындагы жолду бир канча жолу жапканга да үлгүрүштү. Натыйжада 8 адам кармалып, аларга массалык иш-чара өткөрүү тартибин бузду жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин талабына баш ийген жок деген административдик айып тагылды.

Орусияда чет элдик валюта менен насыя алып, төлөй албай калгандар акыркы күндөрү күн сайын ар кайсы банктын алдында мындай акция өткөрүшү көнүмүш болуп калды. Алар карызын 2014-жылдын 1-октябрындагы курс менен эсептөөнү суранууда. Ал кезде бир доллар 40, бир евро 50 рубльдун тегерегинде эле.

.

XS
SM
MD
LG