Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Сирияда 10 миңдей орус жараны жашап жатат


Согуш жүрүп жаткан Сирияда Орусиянын 10 миңдей жараны жашайт. Бул тууралуу Орусиянын Сириядагы элчиси Александр Кинщак ТАСС агенттигине билдирди.

Бул санга орус паспорттору бар аралаш үй-бүлөлөрдүн балдары да камтылган. Элчи белгилегендей, канча жаран бар экенин так айтуу кыйын, себеби көптөрү консулдукта каттоого турушпайт.

Кинщак орусиялык жарандар Латакия шаарына гуманитардык жардам жеткирип кайтып келаткан учактар менен эвакуацияланса болорун кошумчалады.

Орусия Сирия өкмөтүнүн күчтөрүнө козголоңчулар жана экстремисттер ээлеп алган жерлерди кайтарууга жардам берүү үчүн былтыр сентябрда аба соккуларын баштаган.

XS
SM
MD
LG