Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Швецияда өзбек имамына кол салуу боюнча соттук иш каралууда



Обидхон Кори Назаровго кол салынган жер.
Обидхон Кори Назаровго кол салынган жер.

Швециядагы апелляциялык сотто өзбек динаятчысы Обидхон Кори Назаровго кол салуу үчүн айыпталган Өзбекстан жаранынын иши каралууда. Өткөн декабрда Эстерсунд шаарынын соту 37 жаштагы Юрий Жуковскийди 18 жылга эркинен ажыраткан.

Өкүмгө макул болбогон имамдын туугандары кол салган адамдын өмүр бою абакка кесилишин талап кылып доо арыз менен кайрылышкан.

"Азаттыктын" өзбек кызматы имамдын уулу Довудхондун кол салуунун артында өзбек бийлиги турганын, анда бул боюнча жетиштүү далилдер бар деп айткан сөздөрүн келтирет.

2012-жылы 22-февралда Швециянын Стромсунд шаарында өзбек президентинин дарегине сын сөздөрү менен белгилүү Обидхон Назаровго кол салуу болуп, октон жараат алган диниятчы үч жылдан бери оор абалда жатат.

Айыптарды четке кагып келаткан Жуковский Швецияга Орусиядан экстрадицияланган.

XS
SM
MD
LG