Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

Украинанын чыгышында жүргүнчү автобус минага кабылды


Мина жарылган жер
Мина жарылган жер

Украинанын чыгышында жүргүнчү ташыган чакан автобус минага кабылып, үч карапайым киши набыт кетти, экөө жараланды. Окуя бүгүн Донецктин жанында, автобус жикчилердин көзөмөлүндөгү аймактан чыгып келатканда болгон. Украин армиясынын маалымат катчысы Андрей Задубинный билдиргендей, айдоочу миналар тууралуу эскерткен белгиге көңүл бурбай, текшерүү өткөөлүнө кезекте турган башка машиналардан ашып өтүүгө аракеттенген.

Орусия колдогон жикчилер менен өкмөттүк армиянын салгылашуулары 2014-жылдын апрелинен бери 9 миңден көп кишинин өмүрүн алып кетти. Ок атышууну токтотуу келишими зордук-зомбулукту азайтууга салым кошкону менен улам бир жерде уруштар тутанып келатат.

XS
SM
MD
LG